У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эрулан Кокулов: «Ак-Кеме» мейманканасын атайылап банкрот кылып жатышат


«Ак-Кеме» мейманканасын атайылап банкрот кылууга алып бара жатышканын бүгүн, 9-июнда парламенттин жыйынында Жогорку Кеӊештин депутаты Эрулан Кокулов билдирди. 
 
Анын айтканына караганда,16 кабат, Бишкектин эң кымбат жеринде жайгашкан мейманкананын 2021-жылдагы кирешеси болгону 300 миң сом болгон.
 
 «Мейманкананын жанындагы кафенин ижара акысы эле 300 миң сом болуп, ага караганда көп акча табат. Мен мейманканага барып сурасам, бешке жакын лифт бар экен, алардын бирөөсү да иштебей калыптыр. Лифт орноштурган компанияларга барып сурасам, бир лифтти 28 миң 200 долларга орнотуп беришет экен. Эч болбосо офис кылып койсо, кирешеси көбүрөөк болмок. Бул жерде президенттик номерлер күнүнө 1700 сом, жөнөкөй номерлер күнүнө 1000 сом экен, бул баалар кайдан коюлган? Кыргызстанда күнүнө 1000 сомдон номерлер барбы азыр?» — деди депутат. 
 
Ошондой эле ал мейманкананын мурдагы жетекчилигине иш ачылып, аягы эмне менен бүткөнү белгисиз экенин айтып, нааразы болду. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter