Садыр Жапаров: Мага сын айтып, тилдеп жаткандарды чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет
- 09.06.2022, 17:18,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 4
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мага сын айтып аткандарды, тилдеп аткандарды жаман көрбөйм. Сотко бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коюп жатам. Бирок чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БИ-Би-Си кызматына берген маегинде айтты.
«Биринчиден, сөз эркиндигине эркиндик беришибиз керек. Экинчиден, мен өлкө башчысы болгондон кийин баарын бирдей көрүшүм керек. Үй-бүлөдө деле он балаң болсо бир экөө начар чыгат. Анан аларды кодулап, бөлүп таштай албайсың да. Баарын бирдей жакшы көрөсүң. Мага сын айтып аткандарды, тилдеп аткандарды жаман көрбөйм. Сотко бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коюп жатам. Бирок чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет. Чектен чыкпаш керек. Жүз пайыз элдин баарына жакпайсың. Жасалып жаткан иштерди бири туура түшүнөт, бири тескери түшүнөт. Бири көрүп айтат, бири көрбөй айтат. Жакшы иштерди көрүп турса дагы көргүсү келбеген адамдар бар. 10-20 пайыз адамдарга жакпайсың. Ал эми мени колдоп такка олтургузган 80 пайыз шайлоочуларыма айтаарым, эч кам санабагыла. Мен баш көтөрбөй жакшы иштерди жасай берем. “Жөжөнү күздө санайбыз”. “Жөжө санаар” мезгил келгенде эч качан силерди жер каратпаймын»,-деди Жапаров.