Ошто милиция кызматкери пара менен кармалды
- 20.05.2022, 11:23,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Белгилүү болгондой, милиция кызматкери 1500 доллар талап кылган деп шектелүүдө.
«Милиция кызматкери опузалап алынган акчанын бир бөлүгүн – 20 миң сомду алып жаткан жеринен Кара-Суу районунун аймагынан кармалган. Укук коргоо органынын кызматкери уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн опер кызматкери болуп иштеген», - деп айтылат маалыматта.