У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жанар Акаев: Кыргызстанда Ширшовдун схемалары кайра иштеп баштадыбы?..


 Ширшов деген фамилия бул— «коррпуциялык схема» деген сөздүн синоними. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Жанар Акаев бүгүн, 11-майда парламентте билдирди. 
 
Ал «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовдун Кыргызстандын аймагында ээн-эркин кирип жүргөнү боюнча маселе көтөрүп, анын үй камагына чыкканына нааразы болду. 
 
«Интерполдун, Кыргызстандын күч түзүмдөрү тарабынан издөөсүндө жүргөн киши Кыргызстанга ээн-эркин кирип жүргөн. Мен 28-апрелде Чек ара кызматына Ширшов соӊу бир жылда канча жолу Кыргызстанга кирген, эмне максат менен келген деген суроо менен кайрылгам. Бүгүнкү күнгө чейин жооп жок. Өлкөдөгү энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын түзүүчүсү кечээ жарым сутка кармалып, үй камагына чыгып жатат. Коррупция менен күрөш ушулбу? Кыргызстанда Ширшовдун схемалары кайра иштеп баштадыбы? Коррупциялык схемалар менен күрөшүү саясатына бул окуялар көө жапты»,-деди депутат. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter