Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спортзалдын курулушун баштоо үчүн капсула салды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдирди.
Буга чейин Мамлекет башчысы Министрлер Кабинетине спортчуларды колдоо жана шыктандыруу, ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында кыз-келиндер күрөшү үчүн спорт зал курууга жер тилкесин бөлүп берүүнү тапшырган. Президенттин тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында Министрлер Кабинети дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган чаралардын комплексин иштеп чыкты.
Долбоорго ылайык, спортчулардын карамагында 1875,2 чарчы метр аянтта күрөш залдары, 16 орундуу ашканасы жана башкалар бар.
Долбоордун сметалык баасы 98677,22 миң сом, тендердик баасы 81573,98 миң сом. Учурда мекемеде спорт залдын имаратын куруу үчүн пайдубал чуңкуру 100%га казылды.
Андан соң Мамлекет башчысы “Жаштык” спорт комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышып, балдардын машыгуу шартын көрүп, комплексти капиталдык оңдоого бюджеттен 20 миллион сом бөлүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.