У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Парламент жолго акы төлөө мыйзамын кабыл алды. Унаалар бир чакырымга 1 сомдон төлөшөт. Бензинге тоннасына 2 сомдон кошулат...


 Жогорку Кеңеш "Жол фонду жөнүндө" мыйзамдын долбоорун үч окууда кабыл алды. Мыйзамга ылайык, машинасы барлар ар бир километрге 1 сомдон төлөшөт. Бензинге тоннасына 2 сомдон кошулат. Аталган демилгеге 79 депутат макул болуп, каршы чыккандар болгон жок.
 
«Жол фонду жөнүндө» мыйзам долбоорун былтыр депутаттар Нурбек Алимбеков, Улугбек Ормонов, Акылбек Жапаров, Аалы Карашев жана Султанбек Анарбаев демилгелеп, биринчи окуудан өткөн. Максаты - Жол фондун түзүү менен өлкөдөгү жолдорду талаптагыдай оңдоп-түзөөгө каражат табуу. Фондго күйүүчү майдын акциз салыгынан жана автоунаалардын каттамына акы төлөтүүнүн эсебинен каражат түшөт.
 
Демилгечилер бензин жана дизелдик отунга акциздик салык 2026-жылга чейин жыл сайын тоннасына 2 сомдон кошулуп турарын айткан. Ошондо алты жылдын аралыгында 12 сомго көтөрүлмөк. Мындан фондго алгачкы жылы 2,4 миллиард сом, 2026-жылы 14,4 миллиард сом түшөрү жазылган.
 
Ал эми 2022-жылдан тарта жүк ташуучу автоунааларга бир чакырым үчүн бир сомдон төлөтүү сунушталган. Жыл сайын бир сомдон кошулуп отуруп, 2030-жылы бир чакырым жолдон өтүү 10 сомго жетет. Мындан биринчи жылы 500 миллион сом, эң акыркы жылы 4,5 миллиард сом жыйналат.
 
 


Пикир калтыруу
  • Luella
  • 24-04-2022, 14:11
  • : 14:11
    • Нравится
    • 0
เคยลองรึยังเกมสล็อตออนไลน์กับเกมสล็อตออนไลน์ไม่มีขั้นต่ำ ต้องที่เว็บนี้ G2G1BET สล็อตเว็บตรงแตกง่ายไม่ผ่านเอเย่นต์ไม่มีขั้นต่ำ เดิมพันสล็อตมากหมายหลากหลายเกมสล็อต รวมสล็อตทุกค่าย สามารถฝากถอนโอนไวอย่าบอกใครที่เดียวพบได้ที่ เว็บตรงสล็อต
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter