У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер: "Садыр Жапаровдун он жылдык иш-аракетин, эмгегин кабмин башчысы Акылбек Жапаров талкалады. Үмүткө суу себилди"


 – Азыркы бийлик менен иштешүүгө болбодубу?
 
- Бул бийлик ээрге отурганда эле анын күйөрмандары «улуу муун кызматка жолобосун» деген талап коюшпады беле. Бирок соңку учурда коомдук маанай өзгөрдү. Жалаң жаштардан куралган бийлик ишке жөндөмсүз экени далилденди. Мындай жагдайда, эгерде бийлик башындагылар менен пикирибиз келишсе, анда кызматка барып, «агрардык реформанын соңку 15-20 жылдан бери эч аракет жасалбаган экинчи этабын ишке ашырсамбы» деген ой-максатым бар эле. Бирок өткөн жумадагы «Кумтөр» кени боюнча кабыл алынган келишим бул максатыма чекит койду.
 
- Ал кен боюнча келишимди азыркы бийлик «тарыхый окуя» деп жатат го?
 
- Кошулбайм. Садыр Жапаровдун он жылдык иш-аракетин, эмгегин кабмин башчысы Акылбек Жапаров талкалады. Үмүткө суу себилди. «Центерра» компаниясынын чет өлкөлүк жетекчилери өз максаттарына жетишти. Алар «Центерранын» акцияларын толугу менен өздөрүнө өткөрүп алганына, «Кумтөрдөгү» экологияга эбегейсиз сокку урулган кесепеттерден оңой кутулуп кеткенине кубанып, майрамдап жатышса керек.
 
- Анда чындык кандай?
 
- Ал кийин толук билинет. Чындыктын чеке-жакасын «Кыргызалтын» акционердик коомунун жетекчиси Үмбөталы Кыдыралиев ачыктады. Сүйлөшүү учурунда ал кыргыз тараптын 26 пайыз акцияларын «Центерра» компаниясына өткөрүп берүүгө каршы болуптур. Мен бул жигитти сыртынан 2005-жылдан бери билем.
 
Мекенчил, билимдүү, тажрыйбалуу жетекчи. Эгер президент Садыр Жапаров кабминдин башчысы кылып Акылбек Жапаровду эмес, дал ушул Үмбөталы Кыдыралиевди дайындаганда, анда «Кумтөр» кени боюнча келишимде уттурмак эмеспиз. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгына бекем турмак. (Кыдыралиев кызматтан кетти, маек ага чейин алынган – А. С
 
Булак: "Азия ньюс" гезити 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter