У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Атамбаев: 2010-жылы 7-апрелде эл чындык жана адилеттүүлүк үчүн күрөшкө чыккан


 Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Апрель элдик революциясына карата кайрылуу жасады. Ал өз кайрылуусун фейсбуктагы баракчсына жазды. 
 
«Урматтуу мекендештер, кымбаттуу кыргызстандыктар!
Бүгүн Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгын белгилеп жатабыз. Мындан туура 12 жыл мурун эл Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигин кулаткан. Ачууланган элди Ата-Тоо аянтындагы жардыруулар, Ак үй тараптан мөндүрдөй жааган октор, өлүм дагы токтото алган эмес. 
 
Ал күнү 87 мекендешибиз окко учкан. Миңге жакын жараныбыз жаракаттарды алышкан. Алардын 70ке жакыны соңку 12 жылда өз өмүрлөрү менен кош айтышты.  Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигин кулатуунун баасы мына ушундай кымбат болгон. Ошол күндөн бери окко учкан жарандарыбызды эскерип, аман калган Апрель баатырларын даңктап келебиз. Кыргызстандын эли алардын эрдигин эч качан унутпайт.
 
Бирок, тилекке каршы, учурдун учкуну менен бийликке келип, азыр бийик трибунадан катуу сөздөрдү сүйлөп жаткандар Апрель революциясын жокко чыгарууну көздөгөндөй таасир калтырышат. Акыркы бир жарым жылдан бери бакиевчилер абдан жанданып, бийликтин ар бир бутагында жылуу жумшак кресло алып жатышат.
 
Качкын президент Акаев эч нерсе болбогондой Кыргызстанга учуп келип, ээн эркин жүрүп, кайра эч тоскоолдуксуз кетип калганын көрдүк. Аны сурактарга лимузин менен алып келип, кое беришти жана эл алдында кечирип коюшту. Шейит болгон аксылыктар, ит бекер кеткен Кумтор унутулду. Эми Кыргызстанга экинчи качкын президент Бакиевди да алып келишип, аны килем төшөп тосуп алышаары толук мүмкүн окшойт. Жогорку бийликтеги айрым адамдар бул маселени кайра-кайра көтөрүшүп, ишке ашырууну көздөп жатышканы ачык корунуп турат. 
 
Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иштин негизги фигуранттарынын бири 12 жыл издөөдө жүрүп, эми ээн-эркин милицияга келип, колго түшүп бергенин көрдүк. Анын сот процесстери дагы кандай өтүп жатканын көрүп жатабыз. Бакиевдин учурунда журналисттерди жана оппозиционерлерди кандай өлтүрүшкөнү биз унута элекпиз. Бүгүн дагы опозицияны муунтуп, журналисттерди, блогерлерди жана укук коргоочуларды сурактарга чакырып жатканын көрүп жатабыз. Аларды камакка алып жатканына да күбөбүз. 
 
Мунун баарын эл да көрүп турат. Бирок биздин элди көпкө алдаш кыйын! Акаев 15 жыл, Бакиев 5 жыл алдап, Соке болсо болгону үч жыл элди алдап, факты жок деп отурду. Элибиз калптарга, коррупцияга жана диктатурага көпкө чыдабайт! Бийлик муну эстен чыгарбашы керек! Президент Жапаров элдин үмүтүн акташы керек! Эл дагы эле ага абдан ишенип, президенттен сөзүнө шайкеш, туура, адилет кадамдарды күтүп жатат...
 
2010-жылы 7-апрелде эл чындык жана адилеттүүлүк үчүн күрөшкө чыккан. Эл кулчулукка каршы болгон. Эл Кыргызстан Кокон хандыгындай болбосун деп көтөрүлгөн.  Эл тизелеп жашаганча тике туруп өлүүгө даярдыгын көрсөткөн. Муну эстен чыгарбаш керек! 
 
Чоң нерсе алыстан жакшы көрүнөт-деп айткан экен бир акын. Айылдан алыстап бара жатканда бала кезден бери көрүп жүргөн тоонун артында башка тоолор, алардын ары жагында кар баскан, чокулары асман тиреген тоолор көрүнөт.  Ошол сыңары 7-апрель революциясынын зор маанисин, баалуулугун кийин даана көрүп, түшүнөбүз. 
 
Убакыт баарын өз ордуна коет. Бийликтеги көзүн май баскан аткаминерлер да, өз элинин жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн бергендер да тарыхта өзүнө жараша өз ордуларын табышат. Бирөөлөр тарыхта кара издерин калтырышса, ал эми Апрель революциясынын баатырлары тарых китебине алтын тамгалар менен жазылат! Алардын эрдигин кыргыз эли эч качан унутпайт! 7-апрель кылымдарда эрдик жана эркиндик майрамы болуп кала берет!»,-деп жазды Атамбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter