У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жеке медициналык лабораториялардын ишмердүүлүгүндөгү коррупция аныкталды

 
 УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында элге лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн жеке менчик “Е” медициналык лабораториясынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча маалымат алынган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. 
 
  Мекеменин маалыматына ылайык, аталган компания саламаттыкты сактоо уюмдарында биоматериалдарды кабыл алуу пункттарын жайгаштыруу боюнча артыкчылыктуу укуктарды алуу максатында медициналык мекемелердин жетекчилерине жогоруда аталган лабораторияда гана лабораториялык изилдөөлөрдү базар баасында жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн акча каражатын системалуу түрдө берип турганы аныкталган. 
 
«Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында аталган ишкананын кызматтык имаратында тинтүү жүргүзүлүп, финансылык документтер, анын ичинде маркетингдин мыйзамсыз ыкмаларын жана өз кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн медициналык кызматкерлерге накталай акча каражатын төлөө менен абийирсиз атаандаштыктын колдонулушун тастыктаган «кош» бухгалтерия алынган»,-деп айтылат маалыматта. 
   
 
 Жогорудагы мыйзамсыз аракеттер өлкөнүн бюджетине салыктарды төлөөдөн качуу фактыларын да күбөлөндүрүп, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын баасын негизсиз жогорулатууга алып келет.
    
«Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган ишкананын жетекчиси Я.С. кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын аныктоодо»,-деп билдирет басма сөз кызматы. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter