У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атамбаев аны №8 түзөтүү абагына которууну суранды


  Экс-президент Алмазбек Атамбаев №8 түзөтүү колониясына которууну суранды. Бул тууралуу ал журналисттерге сотто билдирди.
 
Бүгүн, 6-апрелде Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланды. Атамбаев бул иш боюнча айыпталуучулардын бири катары суралууда.
 
Мурдагы мамлекет башчысы учурда 47-түзөтүү абагында кармалып турат. Буга чейин Жаза аткаруу кызматы бул абак жана СИЗО-1 абактары бузулуп, ал жердегилер башка абактарга которула турганын билдирген.
 
«Мен №8 түзөтүү абагына которууну сурандым. Ал жакта мага карата мыйзамсыздык азаят. Бирок, кайсы жерге которсо ошол абакка барам», -деди ал. 
 
Атамбаевдин айтымында, абактагылар ага урмат-сый менен мамиле кылышат. 
«Алар мен үчүн балдарымдай эле. Боорум ооруйт. Шарттар 21-кылымга ылайык эмес», - деп белгиледи Атамбаев.
 
Ошондой эле ал бул соттук отурум 7-апрелге туш келгени, Бакиевтерди кубантууга арналганы деп эсептейт.
 
№8 түзөтүү абагы Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter