У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Октябрь окуясы: Адвокат Сооронбай Жээнбековду суракка чакыруу өтүнүчүн келтирди


Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.
 
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов сотко алынып келинди. 
 
Жактоочу Кантемир Турдалиев күбөлөрдү суракка чакыруу боюнча өтүнүч келтирди. Атап айтканда, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, экс-премьер-министр Кубатбек Боронов, ИИМ менен УКМКнын мурдагы жетекчилери Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев, ИИМдин мурдагы орун басары Алмазбек Орозалиев, мурдагы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев, борбордун Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Акыл Казакеевди чакыруу керектигин айтты.
 
Адвокаттын айтымында, 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү митингчилерди таркатуу боюнча буйрукту ким бергенин билүү үчүн бул адамдар суракка алынышы керек.
 
Судья Убайдулла Сатимкулов арызды кароону ачык калтырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter