У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кой-Таш окуясы: Алмазбек Атамбаев сотко мажбурлап алынып келинет

     
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланууда.
 
Жыйынга президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов жана башка айыпталуучулар алынып келинди. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко алынып келинген жок.
 
Жыйындын жүрүшүндө Жаза аткаруу кызматынын медициналык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы суракка алынды. Ал Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалы канааттандырарлык жана ал соттук отурумдарга катыша аларын билдирди.
 
Мамлекеттик айыптоочу Жаза аткаруу кызматынын медициналык кызматкеринин маалыматынын негизинде мурдагы мамлекет башчысын сотко мажбурлап алып келүү өтүнүчү менен кайрылган.
 
Адвокаттар каршы жана бир катар айыпталуучулар прокурорлорго каршы чыгышты.
 
Судья Азирет Медеров Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча чечим чыгарды.
 
Ал түшүндүргөндөй, бүгүнкү күнгө карата экс-президенттин ден соолугу боюнча маалымкат бериле элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter