У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан Орусиядан эмгек мигранттарына жеӊилдик берүүнү суранды

 
Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов россиялык тарапты 2022-жылы Кыргызстандын жарандарына кезектеги миграциялык мунапыс берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды. Бул тууралуу ал Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушууда билдирди.
 
Сүйлөшүү Алматы шаарында (Казакстан) КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин уюмдун 30 жылдыгына арналган жыйынынын алкагында өттү.
 
Ал Кыргызстан россиялык тараптын Кыргыз Республикасынан туруктуу аба каттамдарына чектөөлөрдү алып салуу чечимин кубаттай турганын белгилеп, кыргызстандыктардын Орусияга авто жана темир жол аркылуу кирүүсүнө чектөөнү алып салуу маселесин кароону сунуштады.
 
Талант Мамытов ошондой эле ЕАЭБ боюнча келишимдин негизги пункттарынын бири товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсү экенин эске салып, кыргыздар үчүн миграциялык талаптарды жеңилдетүүнү суранды.
 
Валентина Матвиенко талаштуу маселелер «оң жагына» чечилет деген ишенимин билдирди.
 
Соңку расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын 1 миллион 118 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгектенсе, анын миллиону Орусияда эмгектенет. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2021-жылы мигранттар Кыргызстанга 2,7 миллиард доллар которгон. Бул көрсөткүчтөр 2020-жылдын көлөмүнөн 16 пайызга ашты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter