У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россиядагы мигранттар кайтып келсе, Кыргызстан аларды жумуш менен камсыздай албайт


Америка баштаган батыштын бир катар өлкөлөрү салган санкциянын кесепети Россияда иштеп жүргөн мигранттарга да өз таасирин тийгизип, айрым мигранттар жумушсуз калса, кээ бирлеринде акча тартыштыгы байкалганы айтылууда. Бирок ошого карабастан Кыргызстандын министрлер кабинети мекендештердин массалык түрдө кайтып келишин күтпөйт. Алар келсе да бул нерсе көпкө созулбайт деп айтышууда. 
 
Экономика министри Данияр Амангелдиев Россияда жумуштан кыскартылган кыргызстандыктар башка жумуш табат деп ишенет. А эгер андай болбосо, министрлер кабинети аларды башка өлкөлөргө жөнөтүүгө аракет кылат, анткени Кыргызстанда жумушчу орундар аз, жокко эсе десек болот. Россияда иштеп жүргөн мигранттардын баарын Кыргызстан жумуш менен камсыздай албайт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашаган жарандарга жумуш табуу оор болуп турат. 
 
«Мигранттардын баары өлкөгө кайтып келсе, биз аларды жумуш менен камсыз кыла албайбыз. Визалык режимди жеңилдетүү боюнча Корея жана Түркия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter