У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аскер кызматкерлеринин айлыктары качан көтөрүлө турганы айтылды


 Өлкөдө он миңдеген аскер кызматкерлери жана укук коргоо кызматкерлери бар. 1-апрелден тарта алардын айлыгы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
 
"Милиция кызматкерлери, аскер кызматкерлери башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери айлыктарынын көтөрүлүшүн күтүп жатышат. 1-августтан тарта алардын айлыктарын көтөрүүнү пландап жатабыз», - деди ал.
 
Төрага Акылбек Жапаров 1-апрелден баштап 309 миң адамдын – мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият ишмерлеринин айлыгы көтөрүлөрүн эске салды.
 
«Салык жана бажы кызматтары биздин пландарды аткарып жатат. Иш ушул темп менен улана берсе, төртүнчү кварталда укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин айлык акысын көтөрөбүз деген үмүтүбүз бар. 1-сентябрдан эмес, 1-августтан тарта көбөйтүүгө даярданып жатабыз. Мындай пландарыбыз бар», - деди Жапаров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter