У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Султанбай Айжигитов: Жайыт боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү эгемендүүлүккө коркунуч жаратат


 Жайыт мыйзамына өзгөртүүлөр өлкөнүн эгемендүүлүгүнө, улуттук кызыкчылыктарына коркунуч жаратат. Бул тууралуу депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
Ал белгилегендей, Баш мыйзам жайыттарды жана токойлорду менчиктештирүүгө тыюу салат.
 
«Эми №306 токтомдун негизинде жерлерди түшүмсүз жайыт катары өздөштүрүү үчүн берүү сунушталып, анан аларды менчиктештирүүгө жол ачылды. Бул долбоор өлкөнүн эгемендигине, улуттук жана экономикалык кызыкчылыгына коркунуч жаратат”, - дейт Султанбай Айжигитов.
 
Депутат мыйзам долбооруна каршы 10 миң адамдын колу коюлган каттар түшкөнүн айтты.
 
«Эмне үчүн залда депутаттар аз? Бул чуулгандуу долбоор болгондуктан баары качып кетишти. Ар ким өзү үчүн добуш берсин», - деп чакырды эл өкүлү.
 
Мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин ижарага берүү сунушталууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter