У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Равшан Сабировдун ордуна Мейкинбек Абдалиев депутат болду


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-марттагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Азатович Сабировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
 
Сабиров буга чейин президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору болуп дайындалган.
 
Бош калган депутаттык мандат «Ата Журт Кыргызстан» партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча депутат болуп шайланган Абдалиев Мейкинбек Акимовичке берилди.
 
БШКнын чечими менен Абдалиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги ыйгарылды.
 
Абдалиев буга чейин “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter