У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жеке ишкерди коркутуп акча алган Ташиевдин өкүл баласы кармалды


Өкүл атасынын атын сатып, Т.Б.Т. аттуу жеке ишкерден акча 90 миӊ сом өлчөмүндө акча алган И.А.К жана Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери Б.А.И. УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. 
 
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кармоо 11-мартта КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү («Опузалап пара талап кылуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.
 
И.А.К. КР УКМК төрагасы К.Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Сузак районунун Таш-Булак а/а кызматкери Б.А.И. менен сүйлөшүү жолуу аркылуу жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.
    
Кармалган жарандар КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 101-беренесине ылайык Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
    
Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө. 
[video=]





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter