У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Адахан Мадумаров: Кыйынчылыктан акча жасоону мыкты өздөштүрдүк


 Россиядан Кыргызстанга учкан жалгыз кыргызстандык авиакомпания билеттердин баасын кескин көтөрдү. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, алардын баасы 40 миң сомго чейин өстү.
 
«Талаптан пайдаланып, кыйын учурларда акча табуу адатын өздөштүрүп алдык. Кыргызстандын жалгыз авиакомпаниясы билеттердин баасын көтөрдү. Эми жумушсуз калган мигранттар мекенине кайтып келүүнү көздөп, билеттер кымбат болууда», - деди Адахан Мадумаров.
 
Эл өкүлүнүн айтымында, Avia Traffic да жүк- 200 алуудан баш тартып жатат.
 
«Эгер мурда сөөктү ташуу, анын ичинде сөөк коюу кызматтары жана коштоп жүргөн адамдын билети 40 миң рублдин тегерегинде болсо, азыр 150 миң рублди түзөт. Жүк- 200 жөнөтүү кыйынчылыктан улам мекендештердин сөөгү өлүкканада алты-жети күнгө чейин калууда. Бул абдан оор жумуш. Россияда миллион кыргызстандык иштейт, күнүнө жүк- 200 ташылат», - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter