Россия менен Украинанын айланасында болуп жаткан кырдаалдын кесепеттери бардык өлкөлөргө терс таасирин тийгизгенин көрүп жатабыз”, - деди президент Садыр Жапаров 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында.
Ал белгилегендей, азыр дүйнө соода-экономикалык мамилелерде жана коопсуздук маселелеринде оор кырдаал турат.
«Албетте, биз кичинекей эле мамлекетпиз жана согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс эле өлкө болушубуз керек”, - деди мамлекет башчысы.
Жапаров бардыгын ушундай кыйын учурда биригүүгө чакырды.
«Бизге тынчтык керек», - деп баса белгиледи ал.