Садыр Жапаров: Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы салыктын эсебинен көтөрүлөт
- 09.03.2022, 18:46,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы салыктын эсебинен көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Бардык кыйынчылыктарга карабастан, 1-апрелден тарта социалдык кызматкерлердин эмгек акысын 50%дан 100%га көтөрүүнү чечтик. Айлыктар салыктын эсебинен көтөрүлөт. Жакында бир депутаттын “айлыктарды кредитке акча алып көтөрөсүӊөрбү?,- деген суроосуна министрдин орун басары так жооп бере албай калды. Же ал өзү билбейт же даяр эмес. Ал министр боюнча МинистрлеркКабинетинин төрагасына тапшырма бергем, эгерде ал бул кызматка татыксыз болсо, анда аны кызматтан алуу керек. Азыр тааныштар кызматка дайындалбай калды», - деди ал.