Парламент Министрлер кабинетинин Кумтөргө байланыштуу токтомун жабык эшик артында карап жатат
- 09.03.2022, 15:27,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча “Центерра Голд” менен түзүлгөн келишимдин долбоорун жабык эшик артында карай баштады.
Жыйынга Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинети толугу менен катышууда.
Эске салсак, министрлер кабинетинин «Центерра Голд» компаниясы менен болгон талаш-тартыштарды чечүүнүн шарттары жана форматы боюнча токтому бүгүн өкмөттүн күн тартибине киргизилген. Депутаттар министрлер кабинетинин маселени жабык эшик артында кароо сунушун колдошту.