У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстан Баткендин 19 тургунун чек -ара чырына айыптап, издөө салган


 Тажикстан Баткендин 150 тургунун чек арадагы чыр-чатакка катышкан деп айыптап, издөөгө салган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Ражабалиев билдирди.
 
Анын айтымында, Тажикстандын укук коргоо органдары Баткенде бир нече жергиликтүү аткаминерлерге кылмыш ишин козгогон.
 
«Белгилүү болгондой, 23-февралда Москва шаарында Кыргызстандын жараны Замирбек Досматов кармалган. Тажикстан тарабынан издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын 19 жараны бар. Алар азыр Россияда, батирлеринен чыкпай, кимге кайрылаарын билбей, юридикалык жардам сурап жатышат. Тажикстандын тизмеси дагы кенен, Баткендин 150 тургунуна, анын ичинде облустун айыл өкмөттөрүнүн жана айыл башчыларына иш козголгон. Бул багытта Тажикстан  менен иштешүүнү Тышкы иштер министрлигине тапшыруу керек”, - деди Нурлан Ражавалиев.
 
Депутат Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде юридикалык кеңсе ачууну сунуштады.
 
Биз Замирбек Досматовго жардам берип, аны бошотушубуз керек. Мындан тышкары, Тажикстандын тизмесинде турган калган кыргызстандыктарга юридикалык жардам көрсөтүү», - деди ал.
 
Белгилей кетсек, Замирбек Досматов 2019-жылы чек арадагы жаңжалдарга катышкан деп Тажикстандын өтүнүчү менен 23-февралда Москвада кармалган. Ал 2017-жылдан бери Москвада иштеп келген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter