У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында 70 жүк ташуучу унаа кезекте турат


Казакстан менен чек ара бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
 
Анын айтымында, кечээ күнү «Кең-Булуң» - «Аухатты» көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу бош жүк ташуучу унаалар өтө баштады.
 
Мекеме буга чейин Кең-Булуң өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстандан Казакстанга бош жүк ташуучу унаалар гана чыга алгандыгын эске салат. Эми бортунда бош контейнерлери бар айдоочулар да бул өткөрүүбекетинен өтүп, Кыргызстандан чыгып кете алышат.
 
2022-жылдын 27-февралында саат 10:00гө карата «Ак-Тилек автожол» өткөрүү бекетинде 70ке жакын жүк ташуучу унаа чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте турат.
 
Пункттун жанында жол жээгинде 25 жүк ташуучу унаа турат, алардын айдоочулары жүктүн жөнөтүүчү документтерин, ПЦР анализинин жыйынтыгын жана башка документтерди күтүп турушат.
 
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында жарандардын жана автоунаалардын кезеги катталган жок.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter