У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Украина Россия менен сүйлөшүүгө макул болду. Учурда жолугушуунун орду жана убактысы такталууда


Украина президентинин басма сөз катчысы Сергей Никифоров Киев ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүдөн баш тартпаганын билдирди. Бул тууралуу «Московский комсомолец» гезити жазды.
 
Украин бийликтери Россия менен сүйлөшүүгө макул болгону такталган.
 
Сергей Никифоровдун айтымында, учурда жолугушуунун орду жана убактысы бекитилип жатат.
 
Буга чейин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Украина сүйлөшүүлөр боюнча жооп берүүнү эртеңкиге калтырганын билдирген. Сергей Никифоров диалогдун башталышынын ыкчамдыгы кадимки жашоону калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн жогорулата турганын белгиледи.
 
Бүгүн Россиянын Украинадагы аскерий операциясынын үчүнчү күнү. Ал 2022-жылдын 24-февралында башталган. 25-февралда өлкөнүн түндүгүндө, түштүгүндө жана чыгышында салгылашуулар болду. Кээ бир шаарлар тосулган же басып алынган. Аскер жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Батыш мамлекеттери Россияга каршы катаал санкцияларды киргизип, бирок алар Россия менен согушуудан баш тартышты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter