У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жапаров: Биз Россия менен 200 жыл биргебиз жана дагы 300 жыл бирге болууга даярбыз


Өткөн жылдын аягында Россия бюджетти колдоо үчүн Кыргызстанга 10 миллион доллар бөлгөн. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушууда билдирди.
 
Эске салсак, жыйын Казакстандын борборунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынын утурлай өткөн.
 
"Биз үчүн Россия менен кызматташуу элдердин тарыхый жана маданий жалпылыгы, салттуу достук байланыштары, коопсуздук, саясат, экономика, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык тармактардагы жалпы кызыкчылыктардан улам өзгөчө мааниге ээ. Жыйынга келер алдында президент Садыр Жапаров менен жолугуштум. Ал биз Россия менен 200 жыл бирге болгонбуз жана дагы 300 жыл Россия менен бирге болууга даярбыз деди. Биз буга чейин Россия менен бирге болгонбуз жана бирге болобуз”,- деди  Жапаров.
 
Ал Кыргызстан өз ара ишеним жана түшүнүшүү духунда көп кырдуу кызматташууга негизделген Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө багытталган деп ишендирди.
 
Жапаровдун айтымында, өткөн мезгилде кыргыз-орус мамилелери бардык тармактарда интенсивдүү өнүгүп, Россия жетекчилигинин колдоосу ар дайым сезилип келген.
 
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өткөн жылдын аягында россиялык тарап тарабынан бюджетке 10 млн доллар өлчөмүндө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем», - деди ал.
 
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы интеграция маселелерине да чоң маани берет. Бул биздин өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири, деп кошумчалады министрлер кабинетинин башчысы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter