У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Брент үлгүсүндөгү мунайдын баасы кымбаттады

 
Геосаясий чыңалуунун күчөшүнөн улам бүгүн, 24-февралда эртең менен Брент үлгүсүндөгү мунайдын баасы, 2014-жылдын сентябрынан бери биринчи жолу бир баррели 100 доллардан ашты. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.
 
Лондондун ICE Futures биржасында Брент үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине 100,01 долларга кымбаттады. Бул мурунку сессиянын жабылыш баасынан 3,27 пайызга жогору.
 
Белгилей кетсек, Кыргызстанда мунайдын кымбатташына байланыштуу күйүүчү май кымбаттап жатат. Кыргызстан күйүүчү майды импорттойт, ошондуктан бул дүйнөлүк рыноктордогу кырдаалдан көз каранды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter