Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети вице-мэр Азат Узаковду кармады. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Узаков менен кошо "Г.П.С" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Т.Г.Т., мамлекеттик курулуш турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы А.Э.Ж. кармалган.
Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаков КР Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп туруп, жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталган.
Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо Узаков мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, "Г.П.С." ЖЧКсынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогон. Натыйжада мамлекетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген.
«Мектептин жер төлөөсү, ашкана, спорт залы бүткөн эмес. Имараттын фасады толук жабылбаган, аймагы жашылдандырылбаган, өрт коопсуздук системасы жок, электр иштери толук бүткөн эмес», - деп белгиледи УКМК.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мамлекеттик бюджеттин, гранттын жана донорлордун каражаттарынын эсебинен курулган бардык мектептерге карата ушундай текшерүү иш-чараларын жүргүзүп жатканын кошумчалады.