У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россия мигранттар тарабынан кылмыштуулуктун өсүшүнө тынчсызданууда


Россияда мигранттардын кылмыштуулугу кайра өсүүдө. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Тергөө комитетине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
 
Анын айтымында, мигранттардын кылмышы курчуп, коомдо чыңалууну жаратууда.
 
«Бул борборго гана эмес, башка шаарларга да тиешелүү. Эмгек мигранттарынын катышуусу менен коомдук тартипти одоно бузуу, массалык мушташтар, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кол салуу фактылары көп катталууда. Алардын арасында коомдук коркунучу күчөгөн мыйзамсыз аракеттер, анын ичинде зордуктоо тенденциясы да жайылып жатканы байкалды», - деп кошумчалады полиция.
 
Тергөө комитети тарабынан чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар тарабынан, ошондой эле миграция чөйрөсүндө жасалган кылмыштарды аныктоо жана иликтөө боюнча системалуу иш уюштурулганы белгиленген.
 
Учурда Россия Федерациясында – 1 миллион 63 миң кыргыз жараны иштеп жүрөт.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter