Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Сабырбек Жумабековду Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорлугунда калтырууну колдошту. Бул тууралуу Шаардык кеӊештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.
Ошондой эле депутаттар бул медициналык мекемени тез жардам клиникалык ооруканасына айландыруу максатка ылайыксыз деп эсептешет.
Аталган комиссиянын жетекчиси Рысбай Аматов Саламаттыкты сактоо министрлиги мекемени басып алуу аракетин көрүп жатканын билдирди.
«Илимий борборду кайра уюштуруудан мурун Саламаттыкты сактоо министрлиги документтерди текшериши керек болчу. Бирок андай кылбай, министр өз алдынча реформа жасап, башкы дарыгерди дайындады. Бул маселе боюнча Министрлер Кабинетинин алдында ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бирок бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү кайрадан ооруканага келип, имаратка кирүүгө аракет кылышкан. Эмне үчүн алар комиссиянын чечимин күтпөй, мекемени басып алууга аракет кылып жатышат», - деди Рысбай Аматов.
Калган депутаттар хирург-ортопед Сабырбек Жумабековдун сиңирген эмгегин айтышып, анын ордунда калышы керек деген пикирлерин айтышты.
«Ал өлкө үчүн көп иштерди жасады, анын тажрыйбасы чоң. Эмне үчүн министр баалабай, бардык аракеттерди жокко чыгарат. Эмне үчүн команданын пикири эске алынбайт. Бул туура эмес. Мен аны жеке тааныбайм, бирок анын кабыл алуусунда болуп, анын кесипкөйлүгүнө таң калдым», — деди Светлана Кенжебаева.
«Сабырбек Жумабеков дүйнөгө кадыр-баркы бар дарыгер. Көпчүлүгүнө бекер операция жасаган. Алымкадыр Бейшеналиев илимий борбордун профилин жаңыртаардан мурун ойлонушу керек болчу», - деп кошумчалады Гүлназ Халилова.