Депутат окуучулар үчүн кооптуу мектептерди атады
- 10.02.2022, 12:56,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров Кыргызстандын бир катар аймактарында балдар авариялык абалдагы мектептерде билим алып жатканын билдирди.
Ал имараттары мектеп окуучуларына коркунуч жараткан эки билим берүү мекемесинин атын атады. Алар Ноокат районунун Борбашы айылында жана Ош облусунун Араван районунда жайгашкан.
«Эки учурда тең мектептер авариялык деп табылганы боюнча ӨКМдин корутундусу бар. Бирок ал жакта балдар окуп жатышат жана чоӊ тобокелчилик бар”, - дейт Өмүрбек Бакиров.