У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мурдагы депутат Абжалиевдин кылмыш иши кыскартылганы айтылды

 
Өткөн жылы март айында “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айыпталып, кылмыш иши козголгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болду. 
 
Иш кандай жагдайда кыскартылганы боюнча маалымат кийинчерээк бериле турганын Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
 
Эске салсак, УКМК Абжалиевди «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мамлекеттик иштерге байыма-бай катышып турган» деп айыптаган. Ал экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы болгон. 
 
Анын бир катар батирлери, жер тилкелери, Ысык-Көлдө пансионаты, чет өлкөдө кыймылсыз мүлктөрү бар экени айтылган. Абжилев мамлекетке 20 млн сом төлөп бергенин УКМК кабарлаган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter