У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Курманкул Зулушевдин эжеси каржы пирамидасына 30 миң долларга жакын акча салган

   
Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө каржы пирамидасы боюнча арыздар түшүүдө. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын жетекчиси Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 100дөн ашык адам арыз менен кайрылган. Келтирилген зыян 500 миң доллардан ашкан.
 
«Украинанын жарандары Өзбекстанда, Казакстанда, Кыргызстанда каржы пирамидасын ачышкан. Бул пирамидага кирүүгө үгүттөгөн Бишкектеги кеңседе үч адам иштеген. Алардын арасында Айнаш Токбаеванын кызы да болгон. Кылмыш иши тергелип жатат, Жогорку Соттун төрагасынын орун басарынын кызы камакта», - деди Курманкул Зулушев.
 
Башкы прокурор анын эжеси да каржы пирамидасынын катышуучусу экенин тастыктады. Ал 3 «Голден Кэш» каржы пирамидасына 30 000 доллардай акча салган.
 
«Ошто эжем 15 жылдан бери жеке клиниканы жетектейт. Ал уулу менен бирге бул пирамидага 30 миң доллардай акча салган. Арыз жаз деп айткам, бирок эжем арыз жазуудан баш тартты, ал келтирилген зыяндын орду толукталбайт деп эсептейт», - деди Курманкул Зулушев.
 
Эске салсак, буга чейин каржы пирамидасын уюштурган деген шек менен юрист жана каржы пирамидасынын кассири кармалганы маалымдалган. Алар Бишкек шаарындагы убактылуу кармаоочу жайга киргизилди.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter