У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россияда педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамы күчүнө кирди


 Рецидивист педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
 
Президент Владимир Путин педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратууну караган мыйзамга 28-январда кол койгон.
 
Ал мыйзамдарда көп мүчүлүштүктөр бар экенин, андыктан ишти улантуу керектигин баса белгиледи.
 
"Мисалы, өткөн күнү 13 жаштагы кызды кайра-кайра зордуктаган педофил 3,5 жылга гана колонияда отурду. Бул адилеттүүбү? Педофилдер жеңил жаза алган биринчи учур эмес", - деди спикер.
 
Ошондой эле ал Башкы прокуратурага Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча балдарга каршы кылмыш жасагандыгы үчүн айыптоо өкүмүн чыгаруу боюнча укук колдонуу практикасын талдоо өтүнүчү менен кайрылганын билдирди. Володин кылмыш биринчи жолу жасалган күндө да педофилдер мүмкүн болушунча катаал жазага тартылышы керек деген ишенимин билдирди.
 
Бул чара төмөнкүлөргө карата колдонулат:
- 18 жашка чыга элек (мурда 14 жашка чейин) балдарды кордогон рецидивист педофилдер;
- курмандыктары эки же андан көп бала болгон педофилдер;
- бул башка оор же өзгөчө оор кылмыш жасоо менен байланышкан учурларда.
Жазаны катаалдатуу демилгеси Мамлекеттик Думага сентябрда Кемерово облусунда мурда соттолгон педофил он жаштагы эки окуучу кызды зордуктап өлтүргөн трагедиядан кийин сунушталган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter