Бишкек мэриясында коррупциялык схема аныкталды
- 08.02.2022, 12:33,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө акча уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
“Бишкекзеленхоз” муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.Э.О. жана бухгалтер А. белгиленген нормадан ашыкча эмгек акыны мыйзамсыз чегерүү максатында эсеп-кысап документтерин (кошумча каттарды, эмгек акы ведомостторун жана башкаларды) системалуу түрдө жасалмалоо жолу менен жасалган. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 800 миң сом зыян келтирилген», - деп айтылат маалыматта.
Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Маалым болгондой, тергөө амалдарынын жүрүшүндө соттолуучу А.Э.О. күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Бюджетке келтирилген зыяндын орду толук толтурулду. Кылмыш иши тергөө аяктап, сотко өткөрүү стадиясында турат.