Бүгүн Садыр Жапаров иш сапары менен Пекинге жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы 2022-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен да жолугат.
Жыйында саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.
Кыргызстандын делегациясынын курамында:
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулова;
Экономика жана коммерция министри - Данияр Амангелдиев;
Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.
Эске салсак, бир күн мурун кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Бээжинге учуп кеткен.