Өз ордун билсин. Балбак Түлөбаев Эдил Байсаловду сынга алды
- 03.02.2022, 12:55,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев («Ынтымак») министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду сынга алды.
«Президенттин бийлигин колдогонум үчүн мага «Пахтакор» деген ат коюшту. Туурасын жазып, өкмөт жакшы иш кылып жатат деп жазганым үчүн дагы мени «пахтакор» деди. Эми терикпей, эл кандай ат койсо, ошого татыктуубуз. Эми дайындалгандар шайлангандарды сындайбы? Өз ордун билиш керек да. Ансыз деле президенттин айланасындагы айрым кадрлар ага зыян келтирип жатышат. Биз тазалашыбыз керек», - деди ал.
Түлөбаев президент Садыр Жапаровду айрым министрлерди иштен кетирүүгө чакырды.
«Өзүңүздүн жериңизден шайланган депутат Түмөнбаев да айтып жатат, ушуну караганга убакыт келди. Кээ бирөөлөр азыр эле зыян бере баштады. Экономика, саясат жаатында жакшы иштерди көрүп жатабыз, алдыга жылыштар бар. Чынын айтканда тарыхый окуялар болуп жатат. Бирок ошону сиздин 1-2 министр эле жаап коюп жатат. Мен президенттин тарапташымын деп айтып жатам. Ой, эми бизди да карап койгула да. Биз да элдин арасында жүрөбүз, бизди да угуп койгула, биз көрүп жатпайбызбы», - деди ал.