У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шайырбек Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруу маселесин ЖКынын төрагасы иликтейт

 
«Ата -Журт Кыргызстан» фракциясы Шайырбек Ташиевдин депутаттык мандаттын тапшыруу маселесин карап, бардык жагдайларды иликтөө үчүн Жогорку Кеӊештин төрагасына кат жолдоду. 
 
 «Ш.Ташиевдин чечимине макул болбогон жарандардан республиканын бардык аймактарынан келип жаткан кайрылуулардын санын жана №14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча шайлоодо анын талапкерлигин 21 миңден ашуун шайлоочу колдогондугун эске алып, фракция мындай чечимди кабыл алуу менен коштолгон бардык жагдайларды иликтөө үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына кат жөнөттү», - деп жазат фракция.
 
Фракция лидери Бакыт Төрөбаев “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 12-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдоду. Ш.Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруу маселесин ар тараптуу жана адилет иликтөөнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
 
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ш.Ташиевден Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшыруу боюнча билдирүү түшкөн эмес.
 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter