У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Сары-Өзөн Чүй” коому: Президент Садыр Жапаров мыйзамдуулуктун гаранты болуп беришине ишенимибиз бар

 
 Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Биз, “Сары-Өзөн Чүй” коому Кыргызстандын саясий туруктуулугун жана кыргыз элинин 
ынтымагын сактоо максатарында былтыркы белгилүү саясий окуялардан соң, Сиз белгилен 
өлкөнүн өнүгүсүнүн багытын толугу менен иш жүзүндө колдоп, өзгөчө шайлоо учурунда 
мамлекет башчы катары болушуңарды көргүбүз келип, кең пейилдүү чүйлүк туугандарды 
ынаандырдык элек. Жаратканыбыздын буйругу жана элдин колдоосу менен Сиз 
мамлекетибизди жетектеп, олуттуу өзгөрүүлөрдү, саясий-социалдык реформаларды 
ыкчамдуу жүргүзүп келе жатканыңыз сүйүндүрөт. 

Ошону менен бирге, биздин санаабызды албай койбогон, аргасыз сизге ачык ЖМК 
каражаттары аркылуу кайрыла турган маселебиз учурда болуп турат. Ал сиздин 
тарапташыңыз, бычакка сап боло турган, чүйдүн чыгаан уулдарынын бири жаш саясатчы –
Мелис Аспековдун иши. Өзүңүз билгендей, 2021 жылдын январдын башында, УКМКын 
кызматкерлери Мелисти КТЖ мурунку башкармасы Василий Дашковдун жалган жалаасы 
менен камакка алышкан. 

Абакта болгону туура бир жыл болду, ошондон бери түшүнүксүз тергөө да бүттү, учурда сот 
процесстери чоң тыныгуулары менен жүрүп отурат. Ал ортодо, Мелис Аспеков абакта 
отурган маалында жүрөгүнөн өтө оор операцияны өткөрдү, жалпак тил менен айтканда –“ары барып, бери келди”. 

Сот процесстеринин жүрүшүн учурда карап жатабыз, бул кылмыш иш боюнча баардык 
күбөлөрдүн жана арыздануучу Дашковдун берген протоколдук соттогу маалыматтарына 
таянсак Мелис Аспеков андан (Дашковдон) опузалап акча албаптыр. Андан тышкары тергөө 
жана сот документалдуу жана фактылар менен Мелистин акча алганын далилдей албай 
жатышат. Мелистин жактоочулары ден-соолугунун кооптуу абалына байланыштуу сотко 
күздөн бери бир нече жолу кайрылып, сот иши бүткүчө үй камагына чыгарууну өтүнсө да, 
сот аны канааттандырбай мыкаачылык чечимдерди кабыл алып, ооруканадан кайра 
СИЗОго киргизип койду. 

Албетте, Мелис Аспековдун иши коомчулуктун назарын бурган чуулуу иштердин бири, 
чындыкты далилдөө мыйзамга, соттон тышкары, бизге, Чүй элине андан тышкары 
Мелистин өзүнө жана сизге да керек деп ойлойбуз. Ошону менен бирге, жаңы мыйзамга 
байланыштуу соттун чечимдерин абакта күтүүсү бир жылдан ашпаш керек жаңы норма бар.Ал эми Мелис Аспековдун абакта отурганына бир жылдан ашты. 

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, 
Чүйдүн активдүү жаштары жана Чүй коомунун мүчөлөрү тергөө калыссыз өткөнүнө 
карабастан, Мелис Аспековго сот адилеттүү болот деген үмүттөн кайтпайбыз. Кыргыз 
Республикасынын президенти Садыр Жапаров мыйзамдуулуктун гаранты жана 
гумандуулуктун менен айкөлдүктүн үлгүсү болуп беришине терең ишенимибиз бар. 
 
Сизди урматтап, “Сары-Өзөн Чүй” коому


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter