У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзбекстан журналисттер менен блоггерлерге Казакстандагы окуяларды чагылдырууга тыюу салды


  Өзбекстанда журналисттер менен блоггерлерге Казакстандагы окуяларды толук чагылдырууга тыюу салынган. Бул тууралуу "Азаттык" жергиликтүү блоггерлерге шилтеме берүү менен билдирди.
 
Анын айтымында, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана социалдык тармактардагы активисттер укук коргоо органдарына чакырылып, Казакстандагы окуяларды таратпоону айтышкан.
 
Белгиленгендей, коңшу өлкөдөгү окуяларды чагылдырууга тыюу Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан киргизилген.
 
«Телевидениеде иштеген досум мындай буйрук атайын кызматтан келгенин айтты. Кошумчалай кетсек, маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин өкүлдөрү да бул атайын кызматтын буйругу экенин мойнуна алышты», - деди атын атагысы келбеген блогер журналисттерге.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter