У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эмнеге Кыргыз аскерлери Казакстанга кирбеш керек?


Көпчүлүк Казакстанга кыргыз аскерлери киргизилбеш керектигин баса белгилеп, бийликке эскертип жатышат. Бул абдан туура кадам. ЖККУ сырттан коркунуч, баскынчылык болсо кол сунчу уюм. Тилекке каршы, бул жагы дагы саясат экенин Тажикстан Кыргызстанга агрессия кылып, тынч элди атып, аскердик баскынчылык жасаганда көргөнбүз.   
 
Куйту Акылбек Жапаров: «Кыргызстан ЖККУнун алкагында Казакстанга жардам көрсөтүүгө даяр»,-   деп жыландын башын кылтыйтып жатат. Президент Жапаров Казакстандын ички ишине аралашып, казак бийлигинин өтүнүчү менен аскер жөнөтсө, эки элдин кастыгын жараткан тарыхый ката жасайт. Бул маселени Жогорку Кеңеш кылдат анализдеп, аскерди киргизбөө чечимин кабыл алышы керек. 
 
Айрымдар, Токоев "Кыргызстан жардам берген жок деп кектеп, кысым кылат" деген ой-пикирлерди айтышууда. Бул туура эмес көз караш. Өз элин атып, басып бергиле деп сырттан аскер киргизген кечирилгис күнөө. 
 
Себеби, "бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат". Токаевдин бийлиги эртедир-кечтир кетет. Эл түбөлүк. Эгер кыргыз аскерлери киргизилсе, казак элинде узакка созулган ыза, кек, таарыныч, кастык сакталып калат. Анын үстүнө мындай инцидент эртең биздин өлкөнүн башына келбейт деген кепилдик жок. Андыктан  мурунтукка чүлүк болчу иштерге мурдубузду тыкпай өзүбүздү оолак кармайлы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter