У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда УКМКнын академиясын ачуу пландалууда


 УКМКнын Академиясын куруу боюнча уюштуруу маселелери чечилүүдө. Бул тууралуу президент бүгүн 64479 аскер бөлүгүнө барганда белгилүү болду.
 
Садыр Жапаров аскер бөлүгүндөгү казарма, кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун жаңы имараты менен таанышты. Азыр УКМКнын билим берүү иштери өкмөттүн 2011-жылдын 28-мартындагы токтомунун негизинде түзүлгөн бул институттун базасында жүргүзүлүүдө.
 
«Улуттук коопсуздукту камсыздоо тармагында окуу процессин жакшыртуу жана кесипкөй кадрларды сапаттуу даярдоо үчүн УКМКнын Академиясын куруу маселеси чечилүүдө. Ал Кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында курулат», - деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter