У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эрбол Султанбаев: Айгүл Жапарова менен Токтобүбү Оргалча тааныш эмес


 Биринчи айым Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш эмес. Бул тууралуу президенттин катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. 
 
«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, гендердик квотаны камсыздоо боюнча БШК кабыл алган процедуралык чечимдерин саясатташтыруунун кылуунун кереги жок», - деди ал.
 
15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизди. Мына ушундай өзгөртүүдөн улам Жанар Акаев парламенттин жетинчи чакырылышынын депутаттык мандатын ала албай калды — партиянын мандаты аялдардын квотасы боюнча Токтобүбү Оргалчага берилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter