У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Бүтүн Кыргызстан” партиясы добуштарды кайра саноо боюнча билдирүүсүн чакыртып алды

     
“Бүтүн Кыргызстан” партиясы мурда жарыяланган 200дөн ашуун шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноо боюнча билдирүүсүн чакыртып алды. БШК алты участкадагы добуштарды кайра саноо маселесин партия менен тактап жатат.
 
Буга чейин шайлоо участкаларында кол менен эсептөөнүн протоколдору БШКнын сайтына жарыялангандан кийин “Ишеним” жана “Ата Журт Кыргызстан” партиялары өз арыздарын кайтарып алышкан.
 
“Ынтымак”, “Альянс” жана “Эл үмүтү” партиялары да көпчүлүк шайлоо участкалары боюнча арыздарын кайтарып алышты. “Эл үмүтү” партиясы мурда жарыяланган 58 шайлоо участкасынын 11инде добуштарды кайра саноо үчүн арыз калтырды.“Ата Мекен” жана Социал-демократтар партияларынын билдирүүлөрү каралууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter