Министр: Кыргызстан күйүүчү майдын кымбатташына даяр болушу керек
- 26.11.2021, 14:01,
- Саясат / Экономика / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мындан ары күйүүчү майдын баасын кармап туруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Данияр Амангелдиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Ал коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бизде күйүүчү майдын баасынын төмөндүгүн белгиледи.
«Күйүүчү майдын баасы коӊшу мамлекеттерге салыштырмалуу бизде арзан. Бул мамлекеттик жөнгө салуу менен шартталган. Бирок мындан ары бааны кармап туруу мүмкүн эмес. Биз регион боюнча бааларды теңдештирүүгө даяр болушубуз керек. Электромобилдерди колдонууга өтүшүбүз керек”, - дейт Данияр Амангелдиев.