У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров Түркияда Мирзиёев менен жолугуп, аны Кыргызстанга чакырды


 
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинин алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүүнү талкуулашты. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди Өзбекстан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Анын жетекчилиги астында өлкө мындан ары да өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетише берерине ишеним билдирди.
 
Садыр Жапаров Кыргызстан эки элдин кызыкчылыгы үчүн бир тууган Өзбекстан менен ар тараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө чечкиндүү экенин билдирди.
 
Президент Шавхат Мирзиеевди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter