У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россияда Ан-12 учагы кулап, 9 киши каза болду


Якутиядан Иркутскка учуп бараткан Ан-12 транспорттук учагы конуп жатып кулап түшкөн. Куткаруучулар учактын күйүп жаткан жерин табышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, учактагылардын баары каза болгон.
 
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учак Москва убактысы боюнча саат 14:45те радардан жоголуп кеткен. Федералдык аба транспорту агенттиги кабарлагандай, Ан-12 учагы менен байланыш анын экипажы айланып чыгуу зарылдыгы тууралуу билдиргенден кийин үзүлгөн.
 
Учак Иркутскиден 7 чакырым алыстыкта Пивовариха конушунун жанынан күйүп жаткан жеринен табылган. Учактын бортунда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жети адам болгон.
 
Аба транспортунун федералдык агенттигинин маалыматына караганда, учак Белоорусиянын Гродно авиакомпаниясына таандык жана Чукоткага азык-түлүк жеткирип турган.
 
Бир аздан кийин Белоорусиянын Транспорт министрлиги кыйраган учактын экипажында Орусиянын эки, Украинанын экөө жана Белорусиянын үч жараны бар экенин тактады.
 
Мамлекеттер аралык авиация комитети кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзөрүн ведомстводон кошумчалашты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter