У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМКнын кызматкерине пара берген жетекчи кармалды


 Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери подрядчы уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатуу боюнча өз ара сүйлөшүп алышы мүмкүн болгон фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Юг-Спецавтоматика» ЖЧКсы аткарган иштердин актылары менен аталган мектепти кабыл алуу документтеринде айырмачылыктар табылган.
 
Бул кылмыш иши боюнча аудитордук текшерүү дайындалган, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келтирилгени аныкталган.
 
Мындан тышкары “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын директору “К.Т.И.” УКМКнын кызматкерине бааларды макулдашуу маселесинде "оң жагына чечүү" үчүн 2000 доллар өлчөмүндө пара сунуштап, берип жаткан жеринен кармалды. 
 
2021-жылдын 2-ноябрында "Юг-Спецавтоматика" ЖЧКсынын директору "К.Т.И." Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter