У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытай Тажикстанга аскер базасын курат


Тажик бийлиги Кытай Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунда аскерлештирилген базаны кура турганын, бирок ал тажик күч түзүмдөрүнө тиешелүү болорун билдирди.
 
Бул коопсуздук мекемеси Ооганстанды талиптер басып алуусунун фонунда жана Тажикстандын Ички иштер министрлиги менен Кытайдын Коопсуздук министрлигинин ортосундагы келишимдин алкагында курулат. Тоолу Бадахшан Кытай жана Ооганстан менен чектешет.
 
Тажикстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Абдурахмон Аламшозода 27-октябрда парламентте база Ишкашим районундагы Вахан айылында курула турганын билдирди.
 
Мажилистин депутаты Толибхон Азимзода бул атайын база Тажикстандын Ички иштер министрлигине тиешелүү болорун билдирди. Анын айтымында, базаны курууда Кытайдан Тажикстанга алынып келинген бардык жабдуулар жана техникалар бажы төлөмдөрүнөн бошотулган.
 
«Курулуштун бюджети 55 миллион кытай юанына бааланууда, бул болжол менен 100 миллион сомониге барабар», - деди депутат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter