У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ат-Башыдагы бажы- логистикалык борборду курууга кайра тендер жарыяланат


«Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бажы-логистикалык комплексин каржылоо, долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо» МЖӨ долбоору боюнча кайталап тендер жарыяланат. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун материалдарында айтылат.
 
МЖӨ борборунун маалыматы боюнча, Нарын облусунун Ат-Башы районунда бажы-логистикалык комплекс түзүү долбоору боюнча жеке өнөктөш тандоо боюнча тендер 2021-жылдын 4-июнунан баштап эки этап менен өткөрүлдү.
 
«Экинчи этапта, тандоонун биринчи этабынан өткөн конкурстун катышуучусу жеке өнөктөштү тандоо процессин белгиленген мөөнөттө аяктоо үчүн зарыл болгон тендердик сунуштарды бере албагандыгына байланыштуу тендер жараксыз деп табылган, ", - деп түшүндүрдү борбор.
 
Ушуга байланыштуу аталган долбоорду ишке ашыруунун актуалдуулугун эске алуу менен “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамга ылайык жеке өнөктөштү тандоо боюнча сынак кайрадан жарыяланат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter